2026-жылдын 11-февралында Ташкент шаарында өткөн “SheSCIENCE 2026” Борбордук Азиядагы аял-окумуштууларынын эл аралык илимий конференциясына Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окумуштуулары активдүү катышып келишти.
Аталган конференция аялдардын илимдеги жана инновациядагы ролун арттыруу, аймактык жана глобалдык кызматташтыкты өнүктүрүү, туруктуу өнүгүү, экология, медицина, инженерия жана санариптик технологиялар багытындагы актуалдуу маселелерди талкуулоого арналды.
Иш-чара Борбордук Азия өлкөлөрүнүн илимий коомчулугун бириктирип, тажрыйба жана идея алмашуу үчүн натыйжалуу аянтча болуп берди.
Конференцияга университеттин Юридика-экономика факультетинин экономика, башкаруу жана социалдык иш кафедрасынын башчысы, э.и.к., доцент Перизат Алишева жана STEM колдонмо кесиптер колледжинин экономикалык жана укуктук сабактар бирикмесинин башчысы Гульнара Калыбекова катышып, өз тармактары боюнча илимий байланыштарды кеңейтүүгө салым кошушту.
Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү Hilton Tashkent City мейманканасында жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар үчүн ыңгайлуу илимий баарлашуу чөйрөсү түзүлдү.
Мындан тышкары, академиялык мобилдүүлүк жана ЖОЖдор аралык кызматташтык программаларынын алкагында университет өкүлдөрү Анжиян айыл чарба жана агротехнологиялар институтунда стажировкадан өтүштү. Стажировканын жүрүшүндө экономика жана бухгалтердик эсеп кафедраларынын окуу процессинин уюштурулушу, окуу-методикалык жана илимий ишмердүүлүгү менен таанышып, сабактарга жана илимий-методикалык иш-чараларга катышышты.
КӨЭАУнун окумуштууларынын эл аралык конференцияга жана академиялык мобилдүүлүк программасына катышуусу университеттин илимий аброюн жогорулатып, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана билим берүү сапатын мындан ары өркүндөтүүгө багытталган стратегиялык кадам болуп саналат.
Коммуникация жана медиа департаменти





