2-апрель күнү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн “Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу” чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форумуна өлкөнүн бардык булуң-бурчунан – 7 облустан, Бишкек жана Ош шаарларынан келген 800гө жакын өкүлдөр катышты.
Бул маанилүү иш-чарага аймактардан келген делегаттардын катарында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окумуштуулары да активдүү катышып, университеттин илимий жана маданий чөйрөдөгү ордун дагы бир жолу тастыкташты.
Форумдун президиумунда өлкөнүн жогорку мамлекеттик кызматкерлери, министрлер, белгилүү академиктер жана чыгармачыл союздардын төрагалары орун алып, маданият, илим, искусство жана билим берүү тармактарындагы жаңылануу багыттарын кеңири талкуулашты.
Пленардык жыйында улуттук баалуулуктарды сактоо, руханий өнүгүүнү чыңдоо, чыгармачылык менен илимдин айкалышы жана интеллектуалдык потенциалды өстүрүү сыяктуу стратегиялык маанидеги маселелер көтөрүлдү.
КӨЭАУнун окумуштуулары бул платформаны аймактагы илимий потенциалды көрсөтүү, тажрыйба алмашуу жана улуттук деңгээлдеги демилгелерди колдоого багытталган маанилүү мүмкүнчүлүк катары баалашууда.
Коммуникация жана медиа департаменти




