Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Билим берүү жана инновациялары колледжинин Математика жана табигый сабактар бирикмесинде студенттер үчүн «Жашоодогу химия» аталышындагы кызыктуу конок-лекция жана мастер-класс уюштурулду.
Иш-чарага университеттин Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучулары Кыдыралиева Т.А., Кожоева А.Ж., Мамашова М.А. катышып, өздөрүнүн кесиптик тажрыйбалары менен бөлүшүп, химия илиминин күнүмдүк жашоодогу орду тууралуу мазмундуу маалымат беришти.
Мастер-класстын жүрүшүндө студенттер химиялык кубулуштардын практикалык колдонулушу менен таанышып, тажрыйбалар аркылуу жаңы билимдерге ээ болушту.
Мындай иш-чаралар студенттердин илимий ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, предметке болгон кызыгуусун арттырууга жана теориялык билимди практика менен айкалыштырууга чоң өбөлгө түзөт.
Аталган иш-чара билим берүү тармагындагы тажрыйба алмашууну бекемдеп, студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга багытталган маанилүү кадамдардын бири болду.
Коммуникация жана медиа департаменти




