Эгемендик күнүңүздөр кут болсун!

Возможно, это изображение 1 человек и текст
Эгемендүү мамлекет катары таанылган 32 жылдын аралыгында өлкөбүздүн ичинде көзгө көрүнгөн да, көрүнбөгөн да өзгөрүүлөр көп болду. “Элүү жылда эл жаңы,” – демекчи спорт жаатында кыргыз элинин, мамлекетибиздин атын алыска таанытып, желегибизди желбиреткен жаңы ысымдар пайда болуп, алар элибиздин сүймөнчүгүнө айланды. Мындан сырткары илим-билими, адистик чеберчилиги аркылуу өлкөбүздүн ар тараптуу өнүгүшүнө салым кошкон жаштардан чыгаан инсандар чыга баштады. Эгемендиктин шарапаты менен буга чейин көз жаздымда калып кеткен байыркы Сибирь кыргыздарынын тарыхы, локалдык цвилизациясы Виктор Козодой сыяктуу чет элдик окумуштуулар тарабынан изилденип, далилдүү фактылар менен шардана боло баштады. Мезгил талабына жараша калкыбыздын көз карашы өзгөрдү, дүйнө таанымы өстү. Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр менен саясий, соода-экономикалык, социалдык маданий карым-катышыбыз ырааттуу өнүгүү жолуна түштү.
Кыргыз Республикасынын башка жарандарынын катарында, биздин окуу жайдын, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эмгек жамаатынын ар бир мүчөсү белгиленген ийгиликтердин жаралышына белгилүү деңгээлде салым кошкондугу айтпасак да түшүнүктүү. Ошондуктан, өлкөбүздүн көз карандысыз мамлекет катары таанылган күнүн ар бирибиз майрамдык маанайда кабыл алышыбыз шарт.
Өлкөбүздүн бүгүнкү көрүнүшү – өнүгүүнүн жеткен чеги эмес. Буюрса, Кыргыз Республикасын дүйнө элин суктандырган гүлдөгөн, уникалдуу өлкөгө айландырабыз! Андай бийиктикти багындыруу үчүн элибиздин биримдиги бузулбай, ынтымак ырашкерчилигибиз ашып турсун! Ар бир үйгө береке куту конуп, кубанычтын күлкүсү кетпесин!
Эгемендик күнүңүздөр кут болсун! Майрамыңыздар менен!
Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич профессор, КӨЭАУнун ректору