Эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициясынын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун Ош шаарындагы филиалынын ортосунда биргелешип иш алып баруу боюнча эки тараптуу келишим түзүлдү.
Аталган окуу жайларынын жетекчилери өз ара кызматташуу боюнча иш чаралардын планы менен макулдашып, билим берүү программасынын чегинде окутуучулар менен академиялык алмашууларды уюштуруп, биргелешкен конференция, семинарларды өткөрүү боюнча ойлорун ортого салышты.