Эразмус Плюс программасынын семинары

Бүгүн, 2023-жылдын 30-ноябрында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл Аралык университетинин башкы имаратында “Эразмус+” Программасынын маалыматтык семинары уюштурулду.
Аталган семинарга өлкөнүн түштүк аймагында билим берүү ишмердигин жүргүзүп жаткан жогорку окуу жайлардын окутуучулары, студенттер катышты. Иш чараны КӨЭАУнун эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору, ф.и.д., профессор Аида Балтабаева ачып, семинардын максатына токтолду.
“Эразмус+” Программасынын өкүлдөрү эл аралык кредиттик мобилдүүлүк, жогорку билим берүү жаатында потенциалды жогорулатуу, Жан Моне программасы жөнүндө, Эразмус+ программасынын студенттер үчүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кенен маалымат беришти. Маалыматтык семинардын жүрүшү суроо-жооптор менен коштолду.