Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окуу иштери боюнча проректору, профессор Аида Балтабаеванын жетекчилигинде “Дарылоо иши” адистиги боюнча жогорку медициналык билим берүү программасын көз карандысыз аккредитациядан өткөрүү жумушчу тобунун кезектеги жыйыны болуп өттү.

Эскерте кетсек, бул иш-чара университеттин билим берүүдөгү сапатын жогорулатуу жана эл аралык аккредитация талаптарына жооп берүү максатында жүргүзүлүүдө.