Эл аралык деңгээлдеги тренинг КӨЭАУда!

Бүгүн университетибиздин тарых-филология факультетинде өзгөчө тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү!
Оксфорд жана Кембридж университеттеринин бүтүрүүчүсү, англис тилин окутуу боюнча эл аралык эксперт, профессор Кристофер Кортен (Christopher Korten) окутуучуларыбыз үчүн “Concept-based teaching” жана “Inquiry-based teaching” темасында практикалык тренинг өтүп берди.
🔹 Профессор Кортен өзүнүн эл аралык деңгээлдеги тажрыйбасы менен бөлүшүп, англис тилин окутуудагы креативдүү жана натыйжалуу ыкмаларды сунуштады.
🔹 Тренинг жогорку деңгээлде өтүп, окутуучулар жана бүтүрүүчү курстун студенттери үчүн зор шыктандыруучу мүнөзгө ээ болду. Бул иш-чара факультеттин билим берүүдөгү эл аралык байланышын чыңдап, сапатты жогорулатууга чоң өбөлгө болот.
Коммуникация жана медиа департаменти