КӨЭАУда Мамлекеттик тил жумалыгы башталды

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинде 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата жумалык жарыяланды. Бул ири иш-чаранын алкагында университеттин бардык факультеттеринде жана түзүмдөрүндө маданий-массалык иш-чаралар, куратордук жана ачык сааттар, тегерек столдор уюштурулуп өткөрүлүүдө.
📌 Жумалыктын эң маанилүү иш-чараларынын бири катары 30-сентябрда «Улуттук уңгудан глобалдык келечекке: «Манас» эпосу, тил жана түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын туруктуу өнүктүрүүдө жасалма интеллекттин ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык симпозиум өтмөкчү.
🎯 Симпозиумдун максаты – Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” концепциясын, “Улуттук нарк жөнүндөгү” жарлыгын жана “Кыргыз Республикасында 2021–2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү” программасын ишке ашырууга салым кошуу.
✨ Бул демилге мамлекеттик тилдин коомдук турмуштагы ордун чыңдоого, руханий баалуулуктарды сактап, заман талабына шайкеш өнүктүрүүгө багытталууда.
Коммуникация жана медиа департаменти