24–26-сентябрь күндөрү Алматы шаарында өтүп жаткан «Борбордук Азияда кайра жаралуучу энергия булактарын киргизүү: түрк жана чет мамлекеттеринин эл аралык диалогу. Жашыл энергия — бүт дүйнөдө тынчтык» аттуу ири эл аралык тегерек столго Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин илим, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент Ильязбек Исаев жигердүү катышып, университеттин атынан жогорку деңгээлде өкүлчүлүк кылууда.
Доцент Исаев баянында Борбордук Азиядагы гидроэнергетика, күн жана шамал ресурстарынын маанисине токтолуп, жашыл энергетика багытында КӨЭАУдагы илимий изилдөөлөр, жаш илимпоздордун эмгектери жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү аракеттери тууралуу кеңири маалымат берди.


Бул иш-чара Борбордук Азияда кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө, экологиялык коопсуздукту камсыздоого жана туруктуу өнүгүүнү колдоого чоң салым кошору күтүлүүдө.
Коммуникация жана медиа департаменти