🎀 День учителя Ошской области прошёл в КУМУ

Ош облустук мугалимдер күнү КӨЭАУда өттү
📍Бүгүн, 2-октябрь күнү Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин маданий-эстетикалык борборунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан “Мугалим — коомдун сыймыгы жана күзгүсү” аттуу майрамдык кече уюштурулду.
📍Иш-чарада Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, университеттин ректору, э.и.д., профессор Абдилбает Мамасыдыковдор мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, коомдогу орду жана эмгегине токтолду.
📍Салтанаттуу кеченин жүрүшүндө жылдын мыкты мугалимдери ар түрдүү номинациялар боюнча аныкталып, баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
📍Ош облустук Р.Абыдкадыров атындагы филармониясы тарабынан даярдалган концерттик программа майрамдык маанай тартуулап, коноктордун маанайын көтөрдү.
📍Бул кече — мугалимдерге болгон терең урмат-сыйдын жана коомдогу ордун даңазалаган маанилүү иш-чара катары белгиленди.
Коммуникация жана медиа департаменти