Кыргызстанда алгач ирет Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Эл аралык медицина факультетинин студенттери дүйнөлүк деңгээлдеги «Пирогов III» күчөтүлгөн версиядагы 3D интерактивдүү анатомиялык комплекси менен билим алууга киришти

 

Бул – жөн гана технология эмес, бул медицинадагы жаңы доордун башталышы! 🚀
✅ Үч өлчөмдүү форматта органдарды клеткалык денгээлге чейин көрүү;
✅ Виртуалдык бөлүп изилдөө жүргүзүү;
✅ Патология менен норманы салыштыруу;
✅ КТ, МРТ, УЗИ менен иштөө негиздерин үйрөнүү;
✅ Виртуалдык пациентте клиникалык мисалдарды моделдөө;
✅ Материалды автоматтык баалоо менен өздөштүрүү деңгээлин аныктоо.
📚 Эми биздин студенттер дүйнөлүк алдыңкы медициналык окуу ыкмаларына түз жетишип, кесипкөй адис болууга дагы бир чоң мүмкүнчүлүк алышууда.
🔥 Кыргызстандагы “Пирогов” комплексинин өкүлү Юрченко Сергей Викторович 17-сентябрдан бери окутуучулар үчүн жаңы муундагы программаны үйрөтүү боюнча окууларды жүргүзүп келет.
Бул – Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медицинага кошкон чоң салымы! 🌍❤️
Коммуникация жана медиа департаменти