23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүндө Б. Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университети мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон бараандуу салымы жана коомдук–саясий турмуштагы активдүү катышуусу үчүн Ош шаарынын мэриясынын «Ыраазычылык каты» менен сыйланды.
Бул сыйлык биздин жамааттын эне тилибизди өнүктүрүүгө болгон ак ниет эмгегинин, ар бир окутуучу жана студенттин биргелешкен аракетинин натыйжасы болуп саналат. 



Ош шаарында өткөн иш-чарада мамлекеттик тилдин мааниси, анын коомдогу орду кеңири белгиленип, мугалимдер жана билим берүү мекемелери да сыйлыкка татыктуу болушту. Саамалык улуттук кийимдер, тамак-аш жарманкеси жана сүрөт көргөзмөсү менен коштолду.

Коммуникация жана медиа департаменти