⠀
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине жана 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлгөн республикалык сынакта Кыргыз – Өзбек Эл аралык университетинин окутуучулары:

Филология илимдеринин кандидаты, доцент
Сюита Жусуева жогорку билим берүү багыты боюнча 1-орунду;

Педагогика илимдеринин кандидаты
Бегайым Байиева орто кесиптик билим берүү багыты боюнча 3-орунду багындырды.
⠀

Бул чоң жеңиш – Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жалпы жамаатын сыймыкка бөлөп, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы катары бааланууда.

Эскерте кетсек, сынакты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана КМУ биргеликте уюштурду.
⠀

Намыска жараган алдыңкы окутуучуларыбызды республикалык жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ийгиликтер арта берсин!
Коммуникация жана медиа департаменти