1-Декабрь — СПИДге каршы күрөш күнүнө карата маанилүү иш-чара өттү

КӨЭАУнун Гуманитардык-педагогикалык факультетинин педагогика жана психология кафедрасы тарабынан 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган иш-чара жогорку деңгээлде уюштурду.
 Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан даярдалган дубал гезиттер, сахналык көрүнүштөр, практикалык сунуштар жана маалыматтык баяндамалар аркылуу СПИД көйгөйүнө коомчулук көңүлүнүн бурулушу дагы бир ирет баса белгиленди.
Бүгүнкү күндө мындай иш-чаралардын коомдук маалымдуулукту жогорулатуудагы ролу өтө жогору экендиги таасын далилденди.
 Аталган кафедранын башчысы Уларкан Акматова мындан ары да профилактикалык багыттагы иштер улантыларын баса белгиледи. “Бул иш-чаранын ийгиликтүү болушуна өзгөчө салым кошкон окутуучу Ю. Абиевага жана активдүү катышкан студенттерге терең ыраазычылык билдиребиз,”- деди У.Акматова
 Коммуникация жана медиа департаменти