Абдилбает Мамасыдыков Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык юбилейлик медалы менен сыйланды.

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков илим-билимге жана коомго арнаган үзүрлүү эмгеги үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык юбилейлик медалы менен сыйланды.
 Ректор Абдилбает Асанович 1989–1994-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин эсеп-экономика факультетинде “Бухгалтердик эсеп жана анализ” адистиги боюнча билим алып, окуусун артыкчылык диплом менен ийгиликтүү аяктаган. Ал — КУУнун сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүнүн бири.
 Илимий изденүүнү тандаган Абдилбает Асанович бухгалтердик эсеп жана статистика, экономика жана эл чарбасын башкаруу багыттары боюнча докторлук илимий иштерин ийгиликтүү жактаган.
 Эмгек жолун катардагы кассир кызматынан баштап, Манас шаардык кеңешинин үч жолку депутаты болуп шайланып, бир катар жооптуу жетекчилик кызматтарды аркалаган.
 Бүгүнкү күндө агай Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору катары билим берүү тармагын өнүктүрүүгө, жаш муундарды тарбиялоого, илим менен практиканын айкалышына зор салым кошуп келет. Анын жетекчилиги астында университет эл аралык деңгээлде таанылып, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу багытында олуттуу ийгиликтерге жетишүүдө.
 Абдилбает Асановичтин илимий жана кесиптик жетишкендиктерин эске алуу менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, география илимдеринин доктору, профессор Чонтоев Догдурбек Токтосартович тарабынан 100 жылдык юбилейлик медаль ыйгарылды.
 Абдилбает Асановичти бул маанилүү сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ден соолук, узун өмүр, илим-билим жолунда мындан аркы да ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!
 Коммуникация жана медиа департаменти