3-декабрь — Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнү

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде бул күнгө карата кайрымдуулук маанайындагы өзгөчө иш-чара өттү. Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, ф.и.к., доцент Сарыков Сыргак Токтосуновичтин демилгеси менен Студенттик жаштар комитети тарабынан «Биз ар дайым биргебиз» аттуу кайрымдуулук акциясы уюштурулду.
💰 Акциянын алкагында чогулган каражат:
🔹 Университетте билим алып жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген 15 студентке,
🔹 Кара-Суу шаарындагы дүлөй балдар үчүн атайын жатак-мектепке тапшырылды.
Бул игиликке салым кошкон бардык окутуучуларга, студенттерге жана факультет, колледждердин төрага-төрайымдарына университеттин жетекчилиги ыраазычылык билдирет.
 Жардам – бул боорукердиктин, биримдиктин белгиси. Биз дайыма биргебиз!
 Коммуникация жана медиа департаменти