Шаг к профессионализму: вручены дипломы и награды!

✅ 5-сентябрь күнү өткөн университеттин Окумуштуулар Кеңешинде «Билим берүү программасынын окутуучусу» квалификациясына ээ болгон окутуучуларга дипломдор тапшырылды.
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Медициналык колледжинин терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинин окутуучулары А.Амиракулова, К.Айтбек кызы, К.Эмилова, З.Рахманова, М.Солиева, Э.Еркинбаева, Н.Урбай кызы жана Б.Юсуповалар 1200 сааттык (40 кредит) көлөмдөгү профессионалдык кайра даярдоо курсун ийгиликтүү аяктап, дипломго ээ болушту.
🎖 Мындан тышкары, ушул топ менен бирге Абдивалиева Гулмира Абдимажитовна Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды.
“Заманбап кадрларды чыгаруу үчүн окутуучулар өзүнүн үстүнөн талыкпай иштеш керек. Бул багытта сиздер баарыбызга үлгү болуп атасыздар. Алган билимиңиздер келечек муун үчүн жугумдуу болсун” деди КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков.
Коммуникация жана медиа департаменти