КӨЭАУ: Лейбниц университети менен илимий кызматташтык жаңы деңгээлге чыгууда!

🔷 Германиянын Ганновер шаарындагы Лейбниц университетинин өкүлү, профессор Георг Гуггенбергер баштаган делегация Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине расмий сапар менен келишти.
Делегацияны университет жетекчилиги жылуу маанайда тосуп алып, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган жолугушуулар өттү.
♦️ КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков Ош шаарында биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, бул кызматташтык студенттер жана шаар үчүн пайдалуу болоруна ишеним артарын билдирди.
🔷Тараптар илимий кызматташууну кеңейтүү, студенттер аралык алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча талкуулашты.
Ректор алыскы Германиядан келген сый конокторго ыраазычылык билдирип, КӨЭАУнун чыгармачыл студенттеринин колунан жаралган белектерди тартуулады.
♦️Германиялык студенттер университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып, немис тил борборунда филология илимдеринин кандидаты Чынар Шарипова өткөргөн кызыктуу сабакка катышты.
📍Эскерте кетсек, бул илимий сапар КӨЭАУнун профессору, айыл чарба илимдеринин доктору Эльтар Смаиловдун жетекчилиги астында уюштурулуп, мындан ары да биргелешкен илимий изилдөөлөр уланмакчы.
🔺 Коммуникация жана медиа департаменти