Жалпы республикалык ишембиликке КӨЭАУ жигердүү катышты

Бүгүн, 20-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Ош шаарында жалпы республикалык ишембилик өттү.
Бул ири экологиялык иш-чарага Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинин студенттери да жигердүү катышып, окуу жайдын ички короосун жана анын айланасын таштандылардан тазалашты. 🚮✨
🔹 Университеттин бардык түзүмдөрүндө тротуарлар, арыктар, жолдор жана территориялар тазаланып, студенттердин биримдиги жана демилгеси көрүнүктүү болду.
🔹 Мындай ишембиликтер – экологиялык аң-сезимди күчөтүп, тазалык маданиятын жайылтуу жана жарандык жоопкерчиликти арттырууга чоң өбөлгө болот.
💚 КӨЭАУнун студенттери коомдук иштерге активдүү катышуу менен таза жана жашыл чөйрө түзүүгө өз салымын кошууда!
Коммуникация жана медиа департаменти