8-Март – Аялдардын эл аралык майрамы белгиленди

Бүгүн, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде жигердүү эмгектенип келе жаткан айымдар үчүн майрамдык маанай тартууланды.
Салтанатка университеттин окуу иштери жана экономика боюнча проректору Алтынбек Зулпукаров, мурдагы ректорлор, профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев катышып, жалпы айымдарды майрам менен куттуктады.
Мамлекеттин тынчтыгы, өсүп-өнүгүүсүндө илим-билимдүү жаратман айымдардын салымы чоң экени айтылып, алардын тарбиялаган уул-кыздары мекенди коргоп, мамлекеттин өнүгүүсүндө талыкпай эмгектенип келе жатканы белгиленди.
Иш чарада айымдарга Ардак грамоталар тапшырылып, концерттик программа тартууланды.