Ч.Айтматовдун 97 жылдыгы жана Адабият күнү чоң салтанат менен белгиленди

 12-декабрь күнү STEM колдонмо кесиптер колледжинин “Сезим” чыгармачыл адабий ийрими тарабынан улуу сөз устаты Чыңгыз Айтматовдун 97 жылдыгына жана Адабият күнүнө арналган “Ала-Тоодон үн салган — Айтматов” аттуу университеттик деңгээлдеги маданий иш-чара болуп өттү.
 Иш-чара КӨЭАУнун профессору, техника илимдеринин доктору Медербек Исманов жана STEM колледжинин окуу иштери боюнча директордун орун басары, т.и.к. Г.Тайлакбаевна тарабынан ачылды. Алар өз сөздөрүндө Айтматовдун дүйнөлүк адабияттагы уникалдуу орду, чыгармаларындагы терең философия жана кыргыз элин даңаза кылган миссиясы тууралуу айтып өтүштү.
Ийримдин студенттери Айтматовго арналган поэзиялык чыгармаларын көркөм окуп, жазуучунун чыгармаларынан монологдорду аткарып,
көрүүчүлөргө керемет адабий атмосфера тартуулашты.
Ал эми “Тоолор кулаганда” чыгармасынын негизинде коюлган театралдаштырылган сахналык көрүнүш өзгөчө чеберчилик менен аткарылып, залда отургандардын купулуна толду.
 Иш-чаранын соңунда М.Марипжанович, Г.Тайлакбаевна жана Асел Ибраимовна теманын актуалдуулугун, сахналаштыруунун көркөмдүгүн белгилеп, ийрим жетекчиси Жаркынай Абытовнага жана бардык катышуучуларга терең ыраазычылык билдиришти.
Бүгүнкү иш-чара өз максатына жетип, улуу жазуучунун мурастарын дагы бир ирет даңазалады!
Коммуникация жана медиа департаменти