Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде “Социалдык иштер — гумандуу коомдун кесиби” аттуу декада старт алды

КӨЭАУнун Юридика-экономикалык факультетинин “Экономика, башкаруу жана социалдык иштер” кафедрасы тарабынан 1-октябрь — Эл аралык карылар күнү жана 19-октябрь — Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата “Социалдык иштер — гумандуу коомдун кесиби” аттуу бир жумалык декада башталып, социалдык иштер багытындагы студенттердин катышуусунда бир катар иш-чаралар өтүүдө.
 Декаданын максаты — студенттерге социалдык иштер адистигинин коомдогу маанисин терең түшүндүрүү, боорукердик, адамдык жана моралдык баалуулуктарды калыптандыруу, ошондой эле жаштарды коомдук пайдалуу иштерге тартуу аркылуу алардын кесиптик мотивациясын жогорулатуу болуп саналат.
 Декаданын алкагында төмөнкү иш-чаралар өткөрүлүүдө:
“Үй-бүлөдө балдарга карата зордук-зомбулук жана ырайымсыз мамиленин себептери” темасында ачык сабак;
“Жакшылыкка бир кадам” аттуу салтка айланган кайрымдуулук жарманкеси;
“Социалдык иштер — гумандуу коомдун кесиби” аттуу концерттик программа;
Ош шаардык “Боорукердик үйү” интернатына кайрымдуулук иш-чарасы;
“Карысы бардын ырысы бар” деген темада ачык тарбиялык сабак.
 Бул иш-чаралар студенттердин социалдык жоопкерчилигин арттырып, улуттук жана адамдык баалуулуктарды даңазалоого өбөлгө болууда.
Коммуникация жана медиа департаменти