Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин алдында түзүлгөн «Достук» чыгармачыл жаштар борбору 26-ноябрь күнү студенттер үйүндө студенттердин маанайын көтөргөн иш чара уюштурду.
Аталган иш чарага окуу жайдын мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков, бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев жана жатакананын комендатты, студенттик жаштар комитетинин төрагасы катышып, өздөрүнүн жаштыгы, студент кездеги кызыктуу күндөрү тууралуу айтып, жалындап турган күлгүн курагыңарды маңыздуу өткөргүлө деген тилектерин билдиришти.
Кечеде “Достук” чыгармачыл жаштар борборунун таланттары жатаканада жашаган студенттердин жашоосун, турмуштук көйгөйлөрүн, сүйүүсүн, окуудагы кыйынчылыктарын көркөм окуу, тамашоу менен чагылдырып беришти.
“Достук” чыгармачыл жаштар борбору 2016-жылы КӨЭАУнун базасында көп тармактуу чыгармачыл жаштар борбору катары негиздеген.
Борбор түзүлгөндөн тартып бир топ жаш калемгерлердин китебинин бет ачарын өткөрдү. Андан сырткары жыл сайын отчеттук кечесин уюштуруп келе жатат. Мүчөлөрү Республикалык, облустук, шаардык деңгээлдеги иш чараларга катышып, Республикалык, шаардык сыйлыктарга жетишип келе жатат.