Урматтуу сайттын колдонуучулары! 

Интернет-кайрылууңуздарды  Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору э.и.д, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асановичке онлайн кайрылуу.

Онлайн аркылуу кайрылууну жиберердин алдында төмөнкү  маалыматтар жана талаптар менен таанышып алууңуздар абзел.  

  1. Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин расмий сайты аркалуу жиберилген кайрылуулар тиешелүү бөлүмгө келип түшөт.
  2. Электрондук кабылдамага  жарандардан, кызматкерлерден жана стунденттерден келип түшкөн интернет-кайрылуулар төмөнкүдөй  маалыматтарды  камтууга тийиш:

 Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине онлайн кайрылууда  жетекчинин  же кызматкердин аты-жөнү, кызматы, бөлүмдүн аталышы жана студенттин аты-жөнү жана группасы;

— кайрылган адамдын аты-жөнү;

— кайрылган адамдын жашаган жери;

— кайрылуунун тексти;

— кайрылган адамдын электрондук дареги (e-mail);

— кайрылган адамдын байланышуу телефону;

  1. Жарандардын, кызматкерлердин жана стунденттерден жооп жазуу үчүн телефон номери, почта дареги туура эмес көрсөтүлгөн  интернет-кайрылуулары тоголок кат (анонимдүү) деп табылат жана каралбайт, ошондой эле төмөнкүдөй интернет-кайрылуулар кароого кабыл алынбайт:

— интернет-каттын көчүрмөсү корреспонденция почтасы аркылуу келип түшкөн учурда;

— маданиятсыздыкты көрсөткөн жана  ар-намыска шек келтирген сөздөр камтылган,

— окууга мүмкүн болбогон онлайн-кайрылуулар;

— текст латын  жана чоң тамгалар менен терилсе, сүйлөмдөргө бөлүнбөсө;

  1. Электрондук кабылдаманын   сервердик жабдуу жана программалык-техникалык камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен онлайн-кайрылуунун өлчөмү  тексттин символдорунун саны аркылуу 4000ге чейинки  көлөмдө чектелет.

Кайрылуунун тексти кыскача баяндалууга тийиш. Суроо, сунуш, өтүнүч так баяндалышы абзел.

  1. Интернет-кайрылуу кабыл алынгандан кийин эки  жумуш күнүндө каттоодон өтөт жана  авторго  ал көрсөткөн электрондук дарек боюнча кайрылуу кароого келип түшкөнүн  же аны кароодон баш тартылганы жөнүндө (баш тартуунун себеби негизделүү менен) электрондук билдирүү  жөнөтүлөт. Билдирүүдө кайрылуу келип түшкөн күндү, убакытты, ага ыйгарылган  кириш номерин жана тиешелүү сурап-билүү телефонун көрсөтүлөт. Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин

сайт боюнча бөлүмү жана студенттердин кайрылуулары  менен иштөө  бөлүмүнүн бул ишке бекитилген  жоопту кызматкери тарабынан белгиленген тартипте жазуу жүзүндө  кайрылуудай  иш  жүргүзүлөт.

Ректорго кайрылуу/ Обращение к ректору