Баку шаарында өткөн Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасы менен, 2024-жылдын 18-ноябрынан 21-ноябрына чейин Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин табигый илимдер жана окутуунун усул кафедрасы тарабынан «Климаттын өзгөрүү себептери жана анын жер планетасына тийгизген таасири» темасында бир жумалык иш чара болуп өттү.
18-ноябрь күнү жумалыктын ачылышы болуп ага, КӨЭАУнун илимий иштер жана инновация боюнча проректору э.и.д., профессор А.К.Атабеков, экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын башчысынын орун басары А.А.Матысаков, Орхус борборунун эколог адиси А.Т.Матисаев келип катышышты.
Иш-чаранын ачылышынан соң “Климаттын өзгөрүү себептери жана анын кесепеттери” туурасында видео тасма көрсөтүлдү.
20-ноябрь күнү г.и.к., доцент Л.Т.Камилова “ХХI кылымда климаттын өзгөрүү тенденциясы” аталышындагы доклад жасап, суроо-жооп талкуулар болду.
21-ноябрь күнү «Климаттын өзгөрүү себептери жана анын жер планетасына тийгизген таасири» темасында университеттин табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультети менен инженердик-технологиялык факультетинин студенттеринин арасында дебат болуп өттү.
Жыйынтыгында эки команданын студенттери экологиялык аң-сезимди калыптандыруу менен айлана-чөйрөгө аяр жана сарамжалдуу мамиле кылуу, жаратылышты коргоо көндөмдөрүн өркүндөтүү, био көп түрдүүлүктү сактоо ар бир жарандын милдети экендигин белгилеп, «Адам табиятсыз жашай албайт, табият адамсыз жашай берет» деген сөз менен жыйынтыкташты.
Мындан сырткары жаратылыш, экология боюнча «Эң мыкты дубал газета», «Эң мыкты ыр саптар», «Эң мыкты дил баян» жана «Эң мыкты видео ролик» даярдаган студенттерге эки факультеттин декандары тарабынан Ардак грамоталар тапшырылды.
Жумалык иш чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүндө КӨЭАУнун илимий иштер жана инновация боюнча проректору э.и.д., профессор А.К.Атабеков, ТПМТФнын деканы ф-м.и.к., профессор Ж.К.Жээнтаева, ИТФнын деканы т.и.к., доцент И.Э.Исаев жана ТИжОУ кафедрасынын башчысы б.и.к., доцент А.А.Токоев жалпы жумалык иш чарага катышкан окутуучуларга, студенттерге ыраазычылык билдирүү менен, жаратылышты сүйүү жана экологияны коргоо ар бир жарандын милдети экендигин баса белгилеп өтүштү.
Жумалык иш чараны ТПМТФнын табигый илимдер жана окутуунун усул кафедрасы уюштурду.