Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков Корея өлкөсүнөн KOICA программасы аркылуу келген студенттерди кабыл алды.
Кореядан келген студенттер университетте үч ай бою атайын кыргыз жана орус тилдерин үйрөтүүчү адаптациялык курстан өтүшөт.
Ректор чет өлкөлүк студенттерди маданий иш-чараларга активдүү катышууга чакырып, университеттин тил үйрөнүүгө багытталган ресурстарын акысыз пайдаланууга шарт түзүлгөнүн белгиледи.
«Үч айдан кийин сиздер менен кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөшүп калабыз деген үмүттөмүн» деди ректор Мамасыдыков.
Эскерте кетсек, Корея жаштарын Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине тартуу жана эл аралык достукту чыңдоо максатында KOICA программасынын өкүлдөрү менен жакында жолугушуу өткөн.Тараптар билим берүү долбоорлорун биргеликте ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирген.