“Агартуучулук – билим берүүнүн өзөгү” илимий форум болуп өттү

Бүгүн, 9-сентябрда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100-жылдыгына, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген мугалими Сыдык Алайчиевдин элесине арналган “Агартуучулук – билим берүүнүн өзөгү” аттуу илимий форум болуп өттү.
Форумга КРдин Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу окүлчүлүгүнүн жана Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, КӨЭАУнун жетекчилиги, окутуучулар жамааты, студентер катышты. Куттуктоо сөздөрдөн кийин Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү – Кыргызстандын саясий системасынын башаты, Сыдык Алайчы уулунун акындар чыгармачылыгындагы орду жана этнопедагогикалык маселелер, Жусуп Абдрахманов – даңктуу тарыхтын күбөсү деген темалардын үстүндө баяндамалар жасалды.
Аталган форумду КРдин Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Ош шаарынын мэриясы жана Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети, илим жана инновациялар бөлүмү, тарых-филология факультети биргеликте уюштурду.