Кыргыз — Өзбек Эл аралык университетинде жарыяланган Тарых жумалыгынын алкагында Тарых-филология факультетинде “Адистер сүйлөйт” программасы боюнча кызыктуу жана илимий баалуулугу жогору конок лекция болуп өттү.
Лекцияны Ош мамлекеттик университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты Таалайбек Жаркынбаев окуду. Ал өз баяндамасында Басмачылар кыймылынын башталышындагы панисламдык жана пантүркчүлдүк факторлорунун ролу боюнча терең талдоо жүргүзүп, студенттерге жаңы көз караштарды сунуштады.
Иш-чаранын жүрүшүндө суроо-жооп батлы уюштурулуп, активдүү катышкан студенттер “Тарых билерманы” аталышындагы баалуу белектер менен сыйланды.
Жаштардын тарыхый аң-сезимин байытып, илимий ой жүгүртүүсүн өркүндөтүүгө багытталган бул жолугушуу жогорку деңгээлде өттү.


