Эки тараптуу түзүлгөн келишимдин алкагында Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунан академиялык мобилдүүлүк боюнча бир айга Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине келген студенттердин окуусу жыйынтыкталды.
Бүгүн, студенттерге окуу жайдын эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору, профессор Аида Балтабаева, тарых-филология факультетинин деканы Жаннат Каденова, кыргыз филология кафедрасынын башчысы Бактыгүл Исмаилова жана мобилдүүлүк боюнча келген студенттерге кураторлук кылган Салтанат Акматова Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети мүмкүн болгон бардык шарттарды жаратып бергенин айтышып, аларга ак жол каалап, сертификаттарды тапшырышты.




