Академиялык мобилдүүлүк: Үчүнчү күн — жаңы сабак, жаңы тажрыйба!

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин юридика-экономикалык факультетинде уланып жаткан академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында бүгүн дагы мазмундуу жана практикалык мааниси жогору лекция өттү.
Ош мамлекеттик университетинин “Жарандык укук жана процесс” кафедрасынын улук окутуучусу, юридика илимдеринин кандидаты Мамашарип кызы Багдагүл Үй-бүлөлүк укук сабагынан Ю-1-2-3-24 тайпасынын студенттерине таасирдүү жана терең мазмундуу лекция окуду.
  Үй-бүлөлүк укуктун актуалдуу маселелери активдүү пикир алышуу аркылуу студенттердин теориялык билимин тереңдетип, практикалык көз карашын кеңейтти.
 Юридика- экономикалык факультетинде 23-марттан бери уланып жаткан Академиялык мобилдүүлүк — университеттер аралык кызматташуунун жана жаңы тажрыйба алмашуунун маанилүү кадамы болуп кала берүүдө.
  Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст