Аспирантура жана докторантура (PhD) бөлүмүндө окуп жаткан аспиранттар 2023-жылдын 21-26-декабрь күндөрү атайын түзүлгөн комиссиянын курамына жылдык эсеп-кысаптарын тапшырышты

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин Аспирантура жана докторантура (PhD) бөлүмүндө окуп жаткан аспиранттар 2023-жылдын 21-26-декабрь күндөрү атайын түзүлгөн комиссиянын курамына жылдык эсеп-кысаптарын тапшырышты. Эсеп-кысаб алуу учурунда окуп жаткан курсунун деңгээлине жараша аспиранттардын изилдөөлөрүнө апробация жүргүзүлүп, изилдөөлөргө өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды. Приоритеттүү багыттагы темаларга өзгөчө көңүл бурулуп, диссетациялык жумуштардын актуалдуулугу, максаты жана келечеги боюнча ар бир жаш илимпозго суроолор берилип, талкууда сунуштар айтылды