Ата-энелер менен жолугушуу өттү

Кечээ, 19-сентябрь күнү КӨЭАУнун юриспруденция, экономика, социалдык иш багыттарынын негизги билим берүү программаларын ишке ашыруунун алкагында ата-энелер менен жолугушуу болуп өттү.
Мында аталган багыттар боюнча башчылары келген конокторго негизги билим берүү программалары боюнча кенен маалымат беришти. Андан соң иш чаранын жүрүшүн ата-энелердин ой-пикир, сунуштары улантты.
Жолугушуунун максаты “Окуу жай менен ата-энелердин өз ара кызматташуусун бекемдеп, кесипкөй адистерди даярдоо” дейт уюштуруучулар.