Бүгүн, 5-декабрь күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин базасында «Аялдарга карата зомбулукту токтотуу үчүн биригүү» деген темада конференция өтүп жатат.
Аталган конференция гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активизм кампаниясын өткөрүүнүн алкагында уюштурулду.
16-күндүк кампанияны өткөрүүнүн негизги принциптери жаштар жетектеген уюмдардын үнүн көтөрүү жана аялдардын кызыкчылыктарын коргогон жаштарды колдоо, аялдар кыймылдарын жана алардын «16 күндүк активизм» кампаниясында жана аялдар менен кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүүдө лидерлигин урматтоо жана таанууга багытталган.
Конференциянын башында КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Ош облусундагы ички иштер башкармалыгынын, Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү катышып, Кыргызстанда зомбулукка кабылган аялдар боюнча баяндамаларын жасашты.
Конференциянын жүрүшүн райондордон келген жергиликтүү комитеттердин презентациялары улантты.
Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын иш чаралары 10-декабрда, Адам укуктары күнүндө аяктайт.