Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин магистратура бөлүмү магистранттар үчүн «Билим берүү жараянында жасалма интеллектти колдонуу» аттуу усулдук семинар уюштурду.

Семинарда Ош билим берүү институтунун информатика кафедрасынын башчысы Досмуратов Тынчтыкбек Бекташович негизги докладчы катары баяндама жасады. Ал жасалма интеллектти билим берүү процессине интеграциялоонун негизги принциптери, заманбап окутуу ыкмалары жана технологияларды туура пайдалануу боюнча кеңири маалымат берди. Ошондой эле, жасалма интеллекттин билим берүүдөгү келечектүү колдонмолору жана бул технологияны окутуу процессинде эффективдүү пайдалануунун жол-жоболору талкууланды.
Семинар магистранттардын жана профессордук-окутуучулук курамдын арасында чоң кызыгуу жаратты. Катышуучулар жасалма интеллектке байланыштуу өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, бул жаатта тереңирээк билимге ээ болушту. Иш чаранын жыйынтыгында жасалма интеллектти колдонуу боюнча практикалык сунуштар берилип, билим берүү тармагында технологиялык өнүгүүнүн ролу дагы бир жолу баса белгиленди.
Бул семинар магистранттарга келечектеги илимий жана практикалык иштеринде жасалма интеллектти натыйжалуу колдонуусуна багыт берүү максатын ишке ашырды.
Соңунда Тынчтыкбек Бекташовичке КӨЭАУнун ректорунун ыраазычылык баракчасы тапшырылды.