Бүгүн, 2024-жылдын 20-ноябрында Бишкек шаарында КР Президентинин «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Борбордук Азиядагы жогорку окуу жайлардын ректорлорунун форуму өтүп жатат.
Аталган форумга Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович дагы катышууда.
Форумдун темасы: «Глобалдык чакырыктардын контекстинде Борбордук Азия университеттеринин трансформациясы».
Форумда Борбордук Азия университеттеринин өз ара аракеттенүүсүнүн жана өнүгүүсүнүн активдүү маселелери талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынат.
Форум билим берүүдөгү жаңы ыкмаларды талкуулоого жана Борбордук Азиядагы ЖОЖ ортосунда тажрыйба алмашууга арналат.