Жаз жарчысы — Нооруз майрамы бул ирет КӨЭАУнун медициналык колледжинде өтөт.

 Майрамдын негизги жөрөлгөлөрүнүн бири болгон улуттук даам — сүмөлөк кайнатуу аземи уюштурулуп, ага университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков катышты.
 Ректор өз сөзүндө мамлекетибизде, анын ичинде университетибизде өнүгүү болуп, ийгиликтер арта берсин деген ак тилегин билдирип, сүмөлөк кайнатуу жөрөлгөсүн баштап берди.
 Ошондой эле университеттин жалпы жамааты үчүн Нооруз майрамын уюштуруп аткан медициналык колледждин эмгек жамаатына ыраазычылык билдирип, кечени жогорку деңгээлде өткөрүп алууга чакырды.
 Эскерте кетсек, бүгүн саат 17:00дө «Нооруз — жаңылануунун, ынтымактын жана берекенин майрамы!»
аттуу салтанаттуу маданий музыкалык иш-чара болот. КӨЭАУнун жалпы жамаатын майрамдык кечеге активдүү катышууга чакырабыз‼️
 Медициналык колледжди, КӨЭАУнун 7-корпусу