Бүгүн, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 1-курстарын кабыл алуу жумалыгына ылайык кесиптик колледждин 1-курстарын кабыл алуу аземи уюштурулду.
1-курстарга арналган салтанат таланттуу студент кыздардан куралган бий тобунун аткаруусунда кыргыз бийи менен башталды. Окуу жай жетекчилигинин, профсоюз уюмунун төрагасынын, кесиптик колледждин жетекчилиги тарабынан куттуктоо сөзү айтылып, студенттерге тийиштүү болгон символикалары тапшырылды. Өлкөбүздүн ар кайсыл аймактарынан билим издеп келген жаштар мыкты билим алып, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин татыктуу студенти болууга ант беришти.
Студенттерге билим берүүдөгү үзүрлүү эмгеги, университеттин өсүп-өнүүгүсүнө кошкон зор салымы, коомдук иштерде өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн кесиптик колледждин окутуучулары профсоюз уюмунун Ардак грамотасы менен сыйланды.
Буга улай эле студенттерге дагы профсоюз уюмунун грамоталары тапшырылды.