Кара-Кулжа районунда китеп окуу сынагы болуп өттү

Кечээ, Кара-Кулжа районунун Терек-Суу айылында Ой-Тал, Көңдүк, Кара-Таш, Сары-Бээ, Терек-Суу, Ничке-Суу, Буйга жана Чалма айылдарынын мектеп окуучулары арасында “БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК” аттуу китеп окуу конкурсу болуп өттү. Аталган конкурста жалпы 9 мектептен 400дөн ашык мектеп окуучулары катышып жеңүүчүлөр аныкталды.
8-9-10-11-класстар арасында “Мектеп ханышасы” китеби боюнча . 1-орунга Ноутбук, 2-орунга Ташкентке эки кишилик жолдомо, 3-орунга уюлдук телефон, 4-орунга 3000 сом, 5-орунга 2000 сом ал эми 6-орундан10-орунга чейин кызыктыруучу белектер тапшырылды. 4-5-6-7-класстар үчүн 1-орун планшет, 2-орунга Ташкентке эки кишилик жолдомо, 3-орун уюлдук телефон, 4-орунга 3000 сом, 5-орунга 2000 сом, 6-орундан 10-орундарга чейин кызыктыруучу белектер берилди.
Китеп окуу сынагына Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Исираилов, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, КӨЭАУнун факультеттеринин декандары, Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү, мектеп директорлору, ата-энелер күбө болуп, иш чара жогорку деңгээлде өткөндүгүн билдиришти.
Китеп окуу сынагынын алкагында кесипке багыт берүү максатында мектеп окуучуларына Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети тууралуу кенен маалымат берилип, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө атайын маалымат баракчалары, университеттин гезити таратылды.