Бүгүн, 28-февраль күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу онлайн китеп окуу сынагы өтүп, жыйынтыгы чыгарылды.
Аталган сынак эки баскычтан туруп, ага Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынан ата-энелер, студенттер жана мектеп окуучулары катышкан.
Сынак ата-энелер үчүн «Баланы жазасыз тарбияла» китеби, студенттер үчүн «Делбирим» китеби ал эми окуучулар үчүн «Чыңгызхандын ак булуту» китеби боюнча жүргүзүлдү.
Китеп окуу сынагынын жыйынтыктоочу бөлүгүнө КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, атайын чакырылган коноктор катышып, жеңүүчүлөргө балуу белектерди тапшырышты.




