Бүгүн, табигый-педагогикалык жана маалыматтык техналогиялар факультетиндеги табигый илимдер жана окутуунун усулу кафедрасы тарабынан “Климаттын өзгөрүү себептери жана анын кесепеттери” аталышындагы иш чара уюштурулду.
Иш чарага илимий иштер жана инновация боюнча КӨЭАУнун проректору э.и.д. А.К.Атабеков, экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын өкүлү, «Орхус» борборунун эколог адиси А.Т.Матисаев жана аталган факультеттин деканы, ф-м.и.к., доцент Ж.К.Жээнтаева катышты.
Сый коноктордун куттуктоо сөздөрүнөн кийин иш чаранын темасына байланышкан видео тасма көрсөтүлдү. Ага улай эле климаттын өзгөрүшү, анын терс таасири тууралуу жазылган ырлардын, сүрөттөрдүн, дубал газеталардын конкурсу өткөрүлүп жаткан иш чаранын актуалдуулугун чагылдырып турду.
Конкурста көрсөтүлгөн проблемаларды бышыктоо максатында, кафедранын окумуштуу-окутуучулары тарабынан доклад жасалып, иш чара жыйынтыкталды.