«Кыз дүйнөсү – ааламдагы нурлуу дүйнө»

2025-жылдын 28-февраль күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинде «Кыз дүйнөсү – ааламдагы нурлуу дүйнө» аталышындагы иш чара болуп өттү. Иш чарада атайын чакырылган коноктор, КӨЭАУнун 30 жылдык тарыхында университеттин окуу-усулдук, илимий жана маданий иштеринде эбегейсиз зор эмгектерин, салымдарын кошуп келе жатышкан илимпоз-насаатчылар катышты.
Иш чаранын ачылышында КӨЭАУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Cарыков Сыргак Токтосунович, Ош шаарынын депутаты Исаева Гульназ Назарбаевна, Ош шаарынын Аялдар кеңешинин төрайымы Суеркулова Химия Семетейевна, «Республикалык Аялдар кеңеши» коомдук бирикмесинин Ош шаарындагы өкүлү Атыргүл Кожоева, КӨЭАУнун эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору Балтабаева Аида Тынайбековна, ТПМТФнын деканы Жээнтаева Жумагүл Кеңешовна сөз сүйлөшүп, Кыргызстандын Аялдар кеңешинин 100 жылдыгы, алдыдагы 8-март аялдардын эл аралык майрамы менен куттукташты.
Ош шаарынын депутаты Гульназ Исаева университетте жаштарга үзүрлүү билим, тарбия берип келе жаткан окутуучу айымдарга Ош шаардык кеңешинин Ардак грамоталарын тапшырды. Иш чараны ТПМТФнын физика-математикалык билим берүү багыты менен табигый-илимий билим берүү багытынын студент кыздарынын арасында «Кыз дүйнөсү – ааламдагы нурлуу дүйнө» аталышындагы конкурс улантты.
Конкурста «Айдагы кыз» жана «Камелия» командалары саламдашуу, ыр, бий жана сахналык көрүнүштөр боюнча таймашышты. Мында студенттер өз өнөрлөрүн тартуулап, келген коноктордун маанайларын көтүрүштү. Соңунда конкурска катышкан командалар жана активдүү катышуучулар сыйлуу белектер менен сыйланышты.