Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

2023-жылдын 30-октябрь күнү КӨЭАУнун кесиптик колледжинде “Жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо, кылмыштуулуктун келип чыгуу себептери жана күрөшүү” деген темада иш чара өткөрүлдү.
Аталган иш чарада Ош шаардык ИИБнин Ак-Буура МБ № 4-шаардык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын капитаны Абдиев Шумкарбек Кутманович, милициянын подполковниги Улан Раимжанов, милициянын капитаны Айбек Абибулаевич укук бузуулар, кылмыш жана жаштар арасында көп катталып жаткан уурулук, тоноо, опузалап талап кылуу, жалган маалыматтарды таркатуу боюнча мыйзамдарда каралган жоопкерчиликтер боюнча кеңири түшүндүрүп берди. Жолугушууда студенттер кызыктырган суроолорун берип ага тийиштүү жоопторду ала алышты.