Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамиленин 30 жылдыгына карата өткөрүлө турган иш чаралардын алкагында, 3-4-октябрь күндөрү тарыхый тамыры бир эки элдин ортосундагы бир туугандык мамилени өнүктүрүү максатында, биримдиктин алтын ордосу катары таанылган, “Достук” ордендүү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин базасында Кыргызстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун бииринчи эл аралык форуму уюштурулат. Форумга Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан 40 ректор, Өзбекстандын жогорку окуу жайларынан 40 жетекчи катышат. Мындан тышкары КРдин жана Өзбекстандын Билим берүү жана илим министрлери, Кыргызстандын Өзбекстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси, Өзбекстандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси, КР мамлекеттик катчысы келип катышары күтүлүүдө. Эки күнгө созулган форумда эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын жетекчилери билим берүү жана илим изилдөө ж.б. багыттар боюнча эки тараптуу келишимдердин түзүлүшүнө мүмкүнчүлүк табышат.