Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын негизинде кыргыз тилин жеӊил үйрөнүүгө багытталган «Кыргызча оӊой» / «Easy Kyrgyz» мобилдик колдонмосунун А1 деӊгээли иштелип, колдонууга чыгарылды.
Аталган колдонмого өзбек тили аркылуу кыргыз тилин үйрөтүүчү атайы блокту киргизүү максатында колдонмонун А1деӊгээлинин тесттик тапшырмаларын өзбек тилине которуу маселесин камсыздап берүү Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине тапшырылган. Берилген материалдарды өзбек тилине КӨЭАУнун окутуучулары Алибекова Өмүркан, Ахмедова Гулида Абдраимжановна, Умарова Рахима Тохтаназаровналар которду.