Кыргыз десем, Чыңгыз келет эсиме, Чыңгыз десем, кыргыз келет эсиме

Улуттук адабият күнүнө жана Залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 96 жылдык мааракесине карата кесиптик колледждин тил жана коомдук сабактар бирикмесиндеги “Сезим” чыгармачыл адабий
ийрими “Кыргыз десем, Чыңгыз келет эсиме,
Чыңгыз десем, кыргыз келет эсиме» аттуу илимий-адабий кече өткөрдү.
Иш чара эки бөлүктөн туруп, илимий бөлүгүндө кыргыздын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов тууралуу баяндамалар жасалды. Ал эми адабий бөлүгүндө студенттер залкар жазуучуга арнап жазган ырларын көркөм окуп, Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарып беришти.
Кечеге университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, ф.и.к., доцент Сарыков Сыргак Токтосунович, факультеттердин декандары, кесиптик колледждин директору, окутуучулар катышты.