Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 70 жылдыгына арналган салтанат…

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, инженердик-технологиялык факультетинин деканы Ильязбек Исаев И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 70 жылдыгына арналган салтанатка катышты.
Иш чарада кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ректорлору аталган окуу жайдын 70 жылдык маарекесине карата билим берүү ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалаган куттуктоолорун жолдошту.
Ошондой эле 70 жылдыктын алкагында КМТУнун Кыргыз-Герман техникалык институтунун 20 жылдыгына арналган “Эл аралык интеграциянын негизинде инженердик билим берүүнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жана тенденциялары” аттуу эл аралык форумга күбө болушту.
Буга улай эле 19-21-сентябрда Ысык-Көлдө Россия-Кыргыз техникалык университеттер консорциумунун жалпы жыйыны өтөт.
Аталган жыйынга КӨЭАУнун инженердик-технологиялык факультетинин деканы Ильязбек Исаев катышат.