“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжинин тил жана коомдук сабактар бирикмеси тарабынан жумалык жарыяланды.
Жумалыктын алкагында студенттер арасында “Сабаттуу жазалы” акциясы, “Кыргыз тилинин учурдагы абалы жана көйгөйлөрү ” деген темада тегерек стол, поэзия кечелер, “Тилим -менин дилим” аталышында акыл таймаш өткөрүлөт.
Бүгүн аталган жумалыктын биринчи күнүндө кесиптик колледжде “Кыргыз тилинин учурдагы абалы жана көйгөйлөрү” деген темада тегерек стол өттү. Иш чарага кесиптик колледждин директору ,
ф-м.и.к. Чолпон Абдуллаева , директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары Сааданбек уулу Дамир жана ТКС бирикмесинин башчысы Үпөл Атамбаева катышып, жаштардын кыргыз тилине болгон көз караштары талкууланып, тегерек столго активдүү катышып, кыргыз тилине кайдыгер карабаган студенттерге ыраазычылыктарын айтып, тегерек стол жогорку деңгээлде өткөндүгүн билдиришти.
и ещё 6
Все реакции:

Сыргак Сарыков, Суйор Таштемиров и ещё 36