Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде 300дөн ашуун өмүр сакчылары окууну аяктап жатат

Бүгүн, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинин бүтүрүүчү курстагы студенттердин бүтүрүү кечеси өттү. Салтанаттуу иш чарага окуу жайдын ректору, профсоюз уюмунун төрагасы, колледждин директору катышып, бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, ак жол каалашты. Быйыл медициналык колледжде жалпы 5 багыт боюнча 300дөн ашуун студент окууну аяктап жатышат.