Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Окумуштуулар кеңешинин кезексиз жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө билим берүү ишмердигин алып барууда коррупцияга жол бербөө негизги маселе катары каралды. Ошону менен катар эле студенттердин катышуу-жетишүү көрсөткүчүн жогорулатуу талабы коюлду.
Бул маселеге байланыштуу окутуучулардын көрсөткүчтөрүн жогорулатуу максатында атайын түзүлгөн комиссия тарабынан аттестациялоо жүргүзүлүп, дифференциалдык негизде эмгек акы төлөнө тургандыгы белгиленди.